Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 30.08.2019 17:27 На русском

Үркүндөн мурун тигилген төө чепкенди жалаң тойлорго кийген Жумгалдагы жетекчи. Видео

Turmush -  Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында бир кылым жашаган төө чепкен сакталып келет. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Рысбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, бул чепкен чоң атасынан калган. Ал болжол менен Үркүндөн мурун тигилген, андан такыр суу өтпөйт.

«Төө чепкенди төөнүн жүнүнөн согуп, тигишкен экен. Раматылык атамдан калган буюм. Жаан өткөрбөйт, жаз-күз мезгилинде кийип жүрүшкөн. Бул чепкенге 1 кылым болуп калды. Менин чоң атамдын атасына тигилген чепкен экен. Ошондон бери сактап келебиз. Муну чоң энебиз өзү жасап, тиккен, ичин илгерки кездеме менен ичтеген. Өзүмдүн апам да боз үй жасап, уз болчу. Андан кол өнөрчүлүктү менин келинчегим үйрөнүп, ишин улантууда. Муну негизи сол-оң кылып согушат. Жамгырда кийип жүрөм.

Атам 1914-жылы туулган, 1916-жылы Үркүнгө ата-энеси менен барган. Согушка катышып, 1950-жылдары келген. Бул чепкенди өмүр бою сактайм. Тойлорго гана кийип жүрөм», - деди Кудайбергенов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×