Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.08.2019 18:08 На русском

Жумгалда Эгемендүүлүк майрамы белгиленип, аксакалдарга сый тамак уюштурулду

Turmush -  Жумгал районунда Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чара райондун борборунда башталып, андан ары сейил бакта улантылды. Район акими Адыл Сапаров элди майрамы менен куттуктап, райондогу жетишкендиктерге токтолуп өттү. Аны менен катар райондун жана Чаек айылынын бир нече тургундарына сыйлыктар тапшырылды. Соңунда район активисттери менен аксакалдарга сый тамак уюштурулуп, сейил бактын ичинде жайгашкан боз үйлөрдө сый-урмат көрсөтүлдү. 2 саатка созулган иш-чара райондук маданият кызматкерлеринни концерттик программасы менен коштолгон.

Майрамдык салтанат бүткөн соң сахнадагы өлкөнүн туусу жерде калган. Жаш активисттер тууну бийлик өкүлдөрүнө тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×