Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 02.09.2019 14:40

Жумгалда мыйзамсыз курулуштардын ээлерине айып салынды

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында борбордук көчөдө жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине айып салынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн административдик комиссия өз ишин баштап, тазалыкты сактабаган жайларга эскертүүлөрдү беришти. Аны менен катар уруксаты жок, кызыл сызыктан өткөн соода жайлардын ээлерине айып чегерилип, тартип чарасы колдонулду.

Мындан тышкары Мидин Алыбаев атындагы орто мектеби менен Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясына барчу унаа жолдун эки капталына толгон Чаек— Бишкек каттамындагы таксилердин айдоочуларына автобекетке токтоо керектиги эскертилди. Ошондой эле ЖКККБга жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолдор унаа токтоочу жайларга айланып калганы айтылды.

Район акими Адыл Сапаров мектепке барчу жолдун эки капталына атайын жээк тосмолорду (бордюр) орнотуу маселесин айыл өкмөткө жүктөдү. Ошондой эле соода-сатык жайларынын ээлерине көрнөк-жарнактарды кыргыз тилинде так жана туура жазуу керектиги айтылды.

Административдик комиссияга райондук шаар куруу жана архитектура, мамкаттоо кызматы, мамэкотехинспекция, райондук администрация, райондук санитардык-көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн башчысы, жер адиси, юрист, чарба башчылары киришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×