Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 04.09.2019 10:57 На русском

Видео — Тайгандар менен кармашкан кашкулак

Turmush -  Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылынын тургундары салбурун фестивалына даярданып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Активист Алтай Муталиевдин айтымында, 28-сентябрь күнү Жумгал районунда салбурун боюнча фестиваль өтөт. Ага карата атайын кармалган кашкулакка каршы тайгандарды кое беришти. Кашкулак менен таймашкан 10го чукул тайгандын ичинен экөө мыкты деп табылды.

Алтай Муталиев мындай даярдыктар бардык айылдарда дагы уланарын кошумчалады.

Кашкулак — суусарлар тукумундагы сүт эмүүчүлөргө кирет. Денесинин узундугу 60-90 сантиметрге чейин жетет. Буттары кыска, манжалары узун, тырмагы чоң. Евразиянын токойлорунда, жарым чөлдө кездешет. Суукта, кышында чээнге кирет. Кашкулак майда кемирүүчүлөр, бака, кескелдирик, өсүмдүк тамыр-сабагы, мөмө-жемиш, жаңгак, козу карын жана башкалар менен азыктанат. Майы дары катары пайдаланылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×