Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 05.09.2019 16:02

Жумгалда оорукананын короосу аркылуу жүргөн унаалар бейтаптардын тынчын алууда

Turmush -  Жумгал райондук аймактык ооруканасынын короосу аркылуу жүргөн жүк ташуучу унаалар бейтаптардын тынчын алууда. Бул тууралуу оорукананын директорунун орун басары Салтанат Султанова билдирди.

Анын айтымында, оорукананын аймагын аралап жүргөн унаалар чөп, көмүр ташышат.

«Канча ирет эскерттик, акыры айла кетип прокуратурага бергенбиз. Тургундар короолоруна кошумча эшик жасап, биздин аймак тараптан ачып алышууда. Унаалары биздин короо менен жүрүп, ушул эшиктер аркылуу кирип кетишет», - деди Султанова.

Ал эми Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Айгүл Токтоналиева бул жагдай эске алынып, тартип чара колдонула турганын айтты.

Учурда атайын комиссия Жумгалдагы бардык имараттарды текшерип, көйгөйлөрдү жеринен көрүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×