Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 07.09.2019 10:26 На русском

Жумгалда талапка жооп бербеген көрнөк-жарнактар алынды

Turmush -  Жумгал районунда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды бузган көрнөк-жарнактар алынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдарды аткаруу үчүн Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жана Чаек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн административдик комиссия текшерүүгө чыкты. Анда мыйзамсыз курулуштар, дүкөндөр жана башка жайлар текшерилип, мүлк ээлерине көрнөк-жарнактар мыйзамга ылайык жазылышы керектиги айтылды.

Комиссиянын жетекчиси, район акиминин орун басары Гүлбарчын Исакованын билдирүүсүндө, комиссияга райондук билим берүү, Мамкаттоо, Мамэкотехинспекция, архитектура, айыл өкмөтү, тазалык ишканасы, Жумгал РИИБдин өкүлдөрү кирген.

«Бул сапар дүкөндөн сыртка чыгып соода кылгандарга тыюу салынды. Ошондой эле талапка жооп бербеген көрнөк-жарнактар алынып, көрүнгөн жерге таштанды ыргыткандар менен мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө эскертүү берилип, кийинки текшерүүдө айып пул чегерүү маселеси каралары эскертилди.

Ошондой эле райондун борбордук көчөсүндөгү жөө жүргүнчү өтүүчү жолго таман таш коюла турганы жана арыктар оңдоодон өтөрү айтылып, ага тоскоолдук жараткан курулуштар алынары билдирилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×