Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 07.09.2019 10:18

Сүрөт — Жумгалдан келген мас абалдагы чоң апа менен 5 жаштагы кыздын жашоосу

Turmush -  Сокулук районунда көчөдөн табылган кичинекей кызды фостердик үй-бүлө багып алууга даяр. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Аида Бектурганова айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери менен чогуу кыздын атасынын үйүнө барып, жашоо турмушун көрүп кайтышты.

Кыздын атасы Кадырбек М. 1986-жылы туулган, чоң апасы Акин М. 68 жашта. Учурда ал Куйручук айылында жалгыз жашайт жана турмуш шарты оор.

«Бизге жеткен маалыматтар боюнча кыздын өз апасы табылып, аны менен сүйлөшүү болгон. Ал башка үй-бүлө курганын, 3 баласы бар экенин, ал эми бул кыздан баш тартканын билдирген. Бул жактагы чоң апасынын жашоо шартын көрдүк. Кызды багууга шарты жок, ичкилик ичип коет экен. Кыздын атасы 2018-жылдан бери Москва районундагы Беловодск айылында мал багып иштейт экен. Кыздын апасы Кадырбек менен никеге турган эмес, үйлөгөндүгү тууралуу документтери жок.

Учурда аталган кыз ыйлап, такыр көнбөй жатыптыр. Биз ал кызды Жумгалга алып келип, фостердик үй-бүлөгө беребиз. Бизде эки фостердик үй-бүлө бар. Алар атайын окуп келишкен», - деди Бектурганова.

Ал эми Куйручук айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Зарема Абдылдаеванын билдирүүсүндө, Акиндин төрт баласы бар. Ал эми Кадырбек экинчи турмушунан.

Сокулук районунда көчөдө табылган кичинекей кыздан өз апасы баш тарткандан бери анын башка жакындары изделип жаткандыгын аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациядан билдиришкен.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, аталган кыз Бишкектеги балдарды коргоо борборуна жайгаштырылган.

«Биз кыздын өз апасын таап, аны менен сүйлөштүк. Ал башка үй-бүлө курганын, 3 баласы бар экенин, ал эми бул кыздан баш тартарын билдирди.

Биз кызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасап, ал жерге апасынын гана аты-жөнү жазылды. Себеби, апасы, чоң энеси кыздын атасы каякта экенин билишпейт. Биздин соцкызматкерлерибиз башка жакын туугандарын издеп жатышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Буга чейин Чүй облусунун милициясы Сокулук айылындагы көчөдө мас абалда жаткан аялдын жанынан 5-6 жаштагы кызды табышкан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-июлда болжол менен саат 8:00 чамасында 5 жаштагы кыз Сокулук РИИБге жеткирилген. Өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери кызга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн үй-бүлө жана балдарды коргоо борборунун психологдорун чакырган. Ал эми мас абалдагы аял кыздын чоң энеси болорун жана Жумгалдан шаардагы балдарынын үйүнө келгенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×