Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 07.09.2019 14:54

Миң-Куштагы шайыр апалар музыкалык аспапка муктаж

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы «Шайыр апалар» тобунун курамын 13 апа түзөт. Бул тууралуу топтун жетекчиси Жылдыз Алышүкүрова билдирди.

Анын айтымында, аталган топ 2015-жылы түзүлүп, 2017-жылы райондо өткөрүлгөн кароо-сынакта 1-орунду жеңип алган. Бул кароо-сынактан соң Түркияда өткөн дүйнөлүк фестивалга катышып келишкен. Өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн фестивалда байгелүү орунга жетип, Казакстандын Алмата шаарында өткөн улуттук фестивалга катышкан.

«Бизге айыл өкмөтү, көмүр ишканалары чоң жардам берип келишет. Биз кийип турган улуттук кийимдер жана фестиваль, сынактарга катышып келүүгө кеткен чыгымдарга колдоо көрсөтүшөт. Учурда бир гана музыкалык аспаптарыбыз жок, ошолорду алганга жардам болсо жакшы болмок. Алдыда дагы жакшы пландарыбыз бар», - дейт Ж.Алышүкүрова.

Топтун мүчөсү Нуржан Исаева улуттук кол өнөрчүлүктү дайыма бирге ала жүрөрүн айтат.

«Бизде ар тармактын өкүлдөрү, улуу муун, кичүү муун бар. Кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн өркүндөткөн, каада-салт, үрп-адаттарыбызды кармап, аларды өнүктүрүп келе жаткан энелер да бар», - деди Исаева.

Шайыр апалар тобунун улуусу Нурбүбү Жумалиева 67 жашта, калгандар саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн отличниктери, эл өкүлдөрү, мугалим жана жетекчилик кызматты аркалашкан.

Шайыр апалар тобунун мүчөлөрү:

- Алшүкүрова Бурмакан Чодоновна, 1961-жылы туулган;
- Жумалиева Нурбүбү, 1953-жылы туулган;
- Жунушова Сокен, 1960-жылы туулган;
- Увалиева Зарема, 1955-жылы туулган;
- Жумашова Батмакүл Бекишовна, 1961-жылы туулган;
- Назаралиева Лариса Жакыпбековна, 1962-жылы туулган;
- Өмүрзакова Бүбайым Шейшеналиевна, 1961-жылы туулган;
- Исаева Нуржан Курманалиевна, 1965-жылы туулган;
- Алжапарова Нурай, 1968-жылы туулган;
- Тентимишова Гүлмира Жүдөмүшовна, 1971-жылы туулган;
- Нурбаева Рита Чукуновна, 1962-жылы туулган;
- Баялиева Канышай, 1962-жылы туулган;
- Турдуманбетова Гүлайым, 1960-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×