Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.09.2019 14:26

Миң-Кушка «кыш» келди. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылында бүгүн, 10-сентябрда эртең менен кар жаады. Бул тууралуу активист Умар Медетбеков билдирди.

Анын айтымында, кардын болжолдуу калыңдыгы 5 сантиметрге барат. Жумгал райондук гидромет бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кар райондун тоолуу аймактарында жана Кызарт ашуусунда жааган. Ошондой эле Кара-Кече аймагында, Соң-Көл жайлоосу менен тоо тарапка жакын аймактарга кар себелеп өткөн.

---------------------------------------------------------------

Суусамыр өрөөнүндө жааган кардын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, 5000 гектар жердеги арпа кар алдында калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев билдирди.

10-сентябрга караган түнү Суусамыр өрөөнүндө кар жаап, анын калыңдыгы 10-15 см жеткен. Учурда аба ырайы суук болуп жатат.

«Бизде кырдаал өтө оор болуп калды. Жааган кардан электр зымдары үзүлүп, жайлоодогу малдар да айылга түшө албай калышты. Андан сырткары 5000 гектар жердеги арпа кар алдында калды. Айылдарда кардын калыңдыгы 15 см, тоолордо 1 метрге чейин жетет», - деди ал.


Кечээ, 9-сентябрда Кыргызгидромет 10-сентябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экендигин кабарлаган.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу Төө-Ашуу ашуусунда жол тайгак болуп жатканын эскерткен. Ашуудан өтө турган айдоочулар мындай кырдаалга унааларын даярдашы керектиги (дөңгөлөк, керектүү каражаттар) айтылган.

Буга чейин 6-сентябрда Бишкек—Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда кар жаагандыгы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×