Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 11.09.2019 17:15

Нарындын жаңы жетекчиси иш сапарын Кара-Кечеден баштады

Turmush -  Бүгүн, 11-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, анын биринчи орун басары Касен Асизов, райондук мамлекеттик администрация башчылары, Нарын шаарынын мэринин биринчи орун басары жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Кара-Кече көмүр кесиминде болушту. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы ал жерде иштеп жаткан көмүр казуу ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, айрымдарына эскертүү берди. Андан соң Эмилбек Алымкулов көчмө жыйын өткөрүп, Нарын облусундагы күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү боюнча маселе каралды. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Талант Жекшенов катышты.

Көчмө жыйында райондук бюджеттик тендерге катышкан ишканалардын көмүр жөнөтүү графиги түзүлүп, акимдерге жер-жерлерге көмүр сактоочу топ базаларды уюштуруу иштери тапшырылды.

Нарын облусуна быйылкы жылы 97 620 тонна көмүр керектелет. Ушул күнгө карата 2800 тонна көмүр казылган. Учурда облуста 68 көмүр кампасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×