Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.09.2019 14:01

Жумгалда Ногойбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышы дагы жылды

Turmush -  Кечээ, 11-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Татыр айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Дубан башчысы облустук курулуш башкармалыгынын башчысы Алмаз Мамыровго 1-ноябрга чейин курулуш иштери толук бүтүп, имарат пайдаланууга берилиши керектигин айтты.

Буга чейин мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет деп айтылган. Бирок курулуш иштеринин толук бүтпөгөндүгүнө байланыштуу жаңы имарат 1-октябрда пайдаланууга берилмек. Эми Эмилбек Алымкуловдун тапшырмасы боюнча мектептин ачылышы 1-ноябрга жылды.

2014-жылы Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Авангард-Строй» ЖЧКсынын ортосунда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин 275 орундуу жаңы имаратын куруу жөнүндө келишим түзүлгөн. Жаңы имараттын сметалык баасы — 64 млн 844 миң сом. Келишимдин негизинде курулуш иштери 2016-жылдын ноябрь айында аяктамак.

Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинде жалпы 600 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×