Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 12.09.2019 16:59

Кара-Кече көмүр кенинде 20 видеокамера орнотулду

Turmush -  Кечээ, 11-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Жумгалда иш сапары менен болуп, көмүр казуучу ишканалардын иши менен таанышты.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Талант Жекшеновдун айтымында, учурда кендин аймагында 20 даана видеокамера орнотулган. Бул иш Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жүрүп, кен онлайн режимде көзөмөлдөнүп жатат.

«Видеобайкоону көзөмөлдөөчү мекемелердин сайтына жайгаштыруу пландары бар», - деди ал.

Буга чейин Кара-Кече көмүр кенинде 80 тонналык 2 электрондук тараза орнотулган.

Нарын облусуна быйылкы жылы 97 620 тонна көмүр керектелет. Учурда 2800 тонна көмүр казылган. Азыркы тапта облустун аймагында 68 даана көмүр кампасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×