Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 13.09.2019 09:53

Куйручуктун жайыттарын корукка алуу иштери башталды

Turmush -  Жумгал районунун Куйручук айылына тиешелүү жайыт жерлерди корукка алуу иштери башталды.

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, айылдын жайыт комитетинин жетекчиси Кылычбек Чокоев, айыл өкмөт башчысы Талантбек Асанов, ветеринар жайлоодо корук уюштуруу иштерин башташкан. Анда Шилбили белинин жогору жагына боз үй тигилип, малчылардын отурукташуусуна бөгөт коюп, аларды жакага алып келүү иштери жүргүзүлгөн.

«Мал-жандыктарды жогору Соң-Көлгө айдап жатсак, Жаңы-Арык айыл өкмөтү (Кызарт) чабандарын көчүрүп түшүп жатыптыр. Аба ырайы бузулуп, чабандарды жакага көчүрүп келдик. Аба ырайы бир аз турукташкан соң корукту кайра улантабыз», - деди айыл башчы Назат Абдиталип уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×