Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 13.09.2019 12:30

Жумгалдагы кар жааган жайлоодон 3 чабан, 2100 баш кой, 13 баш бодо мал көчүрүлдү

Turmush -  10-сентябрда Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын Ой-Кайың жайлоосунда жааган карда калган 10 чабанды мал-жандыктары менен көчүрүп келүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жайлоого ӨКМден 5 куткаруучу, айыл өкмөттөн 5 кызматкер, ИИМден 4 кызматкер, тез жардам кызматынан 2 кызматкер, ветеринардык станциядан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. 11-сентябрь күнү атайын түзүлгөн ыкчам топ 1 чабанды мал-жандыктары менен Байзак айылына аман-эсен алып келди. 12-сентябрь күнү калган чабандарды көчүрүп келүү максатында ыкчам топ тартылып, 3 чабанды 2100 баш кой, 13 баш бодо малы менен аман-эсен күрткүдөн өткөрүштү. Азыр калган чабандарды көчүрүү иш-чаралары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×