Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.09.2019 10:06

Жумгалдыктар акимчиликтин короосу кароосуз калганына нааразы. Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Turmush -  Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын короосунда өскөн ашык чөптөр отолбой, өткөн жылы тигилген карагайлардын бардыгы куурап калганын аймактык кабарчыга жергиликтүү активисттер билдиришти.

Алардын айтымында, короонун күн батыш тарабы унаа токтоочу жайга айланган. Ал эми акимияттын батыш тарабында жайгашкан турак жайлардын ээлери акимчиликтин короосунан унаа өтө турган жол ачып алышкан.

«Жөн эле ачык турганынан кирип-чыгып жатабыз. Акимиятта иштегендер чайдын калдыгын төгүп, айнек жана желим бөтөлкөлөрдү терезеден ыргытышат. Биз бир нече ирет эскерткенбиз. Балдарыбыз ойнойт. Алар таза жерде ойношсун деп тазалап коюп турабыз. Акимияттын төмөн жагына таштанды төгүлүүчү жай куруп салышкан. Түн ичинде өлгөн койду да таштап, аларды ит-мышык чачып, сасык жыт бизди каптап калган. Жашай албай калганыбыздан арызданып жатып, таштанды төгүлүүчү жайды жаптырганбыз. Акимияттын короосундагы трансформатор да курчалбай турат. Жергиликтүү жашоочулар жашаган үйлөргө абдан жакын жана кооптуу. Күн батыш жагы унаа токтоочу жайга айланган. Эгер короо жабылса, биз өз жолубуз менен деле кирип-чыга беребиз», - дейт жашоочулар.

Район акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова бул маселени көзөмөлгө аларын билдирди.

«Унаа кирип жатыптырбы? Мен тактайынчы. Мурда бизге кайрылышкан эмес. Биз ишембилик жасап жатканда эле жашоочулар «терезелерден таштанды, бөтөлкөлөр ыргытылып жатат» деп айтышкан. Биз да кызматкерлерге эскертүүлөрдү бергенбиз. Көзөмөлгө алып, жаптыртабыз», - деди Исакова.

Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Элмира Ашырбаева: «Өткөндө мен акимчиликке «короодогу эшикти жапкыла» деп айткам. Бирок «жаап койсок, Ынтымак Өмүров деген жашоочу тосмону улам алып салып жатат» деп айтышкан», - деди.

Ал эми акимчиликтин мурунку чарба кызматкери Шахтер Сагынбаев сөз болуп жаткан жер акимиятка тиешеси жок деп билдирди.

«Унаа өтө турган жер боюнча чыр болуп келет. Негизи жол жашоочулардын короосунан 3 метр алыста болушу керек. Документтер менде жок. Бирок мыйзамда деле ошондой. Мен азыр жумушту өткөрүп бергем. Так маалымат акимияттын башкы эсепчисинде болот. Негизи ал жер бизге тиешеси жок. Трансформатор да акимияттын короосунда турат. Аны райондук электр тармактар ишканасы курчап, коопсуздугун карашы керек болчу. Эми жашоочулар тособуз деп жатышат», - деди Сагынбаев.

Акимияттын жаңы дайындалган чарба кызматкери Элмира Абышова: «Мен бул кызматка жаңы келгем, чынында билбейт экенмин. Сыртка жете элекпиз, азыр акимияттын ичин иретке келтирип жаткам», - деди.

Мекеменин башкы эсепчиси Илим Торутаев: «Ал жер бизге карайт. Ал жакка жашоочулардын бири Ынтымак Өмүров жол салып алыптыр. Бул туура эмес. Архитектурадан кызматкерлерди чакырып тактаганбыз. 1-2-кабаттагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери күн батыш тараптан кирип-чыгып турсун деп, имараттын эшигин оңдоп-түзөөдөн өткөргөнбүз. Унаанын өтүшүнө жол бербешибиз керек, көзөмөлгө алабыз», - деди.

Ал эми жашоочу Ынтымак Өмүров бул жерди жаптырбастыгын, ал жол трансформаторго кете турган жол экенин айтты.

«Менин унаам кирип-чыгат. Ал жол менен райондук электр тармактар ишканасы трансформаторго келишет. Ошол жерден өрт чыкса же трансформатор бир нерсе болсо унаа кириши керек.

Таштандыларды төгүп жатканы чындык, аны тургундар тазалап жатат. Ал жол жабылбашы керек. Архитектура кызматынын кеңсеси жок, акимияттын имаратында ижарада турат. Биз үйдү оңдоп-түздөйлү десек деле ал жакка курулуш материалдар жыйылат. Бизге ал жер керектелет. Жолду жаппайбыз», - деди Өмүров.

Бак-дарактар кыйылып, унаа токтоочу жайга айланган жерди көзөмөлдөөчү Рахат Осмонкулов күндө болгону 100 сомго жетпеген акча түшөрүн билдирди.

«Бул жерге 20 сомдон деле эч ким бербейт. Таштанды төгүп кетишет. Чогулган каражат тазалык үчүн жумшалат. Ал жерден кыйратып деле акча түшпөйт. Айыл өкмөтү ижара сыяктуу кылып берген. Башка эч нерсе деле жок, ал жерди жакшыртып, унаа токтоочу жай кылуу үчүн каражат керек», - деди Осмонкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×