Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.09.2019 12:03

Жумгалдагы Ак-Көлгө 3,1 млн сомго дамба курулуп жатат. Видео

Turmush -  Жумгал районундагы Ак-Көл көлүнө дамба курулуп баштады.

Дамба курууга жана оңдоо иштерине ӨКМ тарабынан 3,1 млн сом каралган.

Буга чейин Жумгал районундагы Сары-Булуң, Табылгыты айылдарынын жергиликтүү тургундары Ак-Көл көлү жарылып кетүү коркунучуна кептелгенин айтып чыгышкан.

Ак-Көл көлү Чаек айылынын түштүк-батыш тарабынан 42 чакырым алыста жайгашкан. Бул көлгө Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынан келген мөңгү суулары куюлат. Жыл сайын кардын жана жаан-чачынга жараша көлдүн деңгээли өзгөрүлүп турат. Азыркы күндө көлдүн жогору жагында Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынын кошулушунда 15 кожолук, мындан сырткары көлдүн төмөн жагында 6 чакырым аралыктагы Кичи-Сары-Булуң айылында 7 кожолук эл жашайт.

Көлгө баруучу ички чарбалык унаа жолунда 3 жыгач көпүрө жана диаметри 1 метр болгон темир көпүрө жайгашкан.

Ак-Көлдүн тереңдиги — 75 метр, узундугу — 1 чакырым, ал эми суусунун көлөмү — 2,8 млн метр кубду түзөт.

Тема боюнча: Кыргызстандын жаратылышы: Муз каптаган Ак-Көл көлүнүн учурдагы көрүнүшү (сүрөт)

Кыргызстан жаратылышы: Жумгалдагы керемет тоонун ортосундагы Ак-Көл табигый көлү жана коргошун кени (фоторепортаж)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×