Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 16.09.2019 16:23

Жумгалда Кара-Жээк—Беш-Терек унаа жолуна эски асфальттар төшөлүп жатат

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы жолдон чыккан эски асфальттар Кара-Жээк—Беш-Терек унаа жолуна төшөлүп жатат.

Жолду оңдоо иштеринин биринчи этабында Кара-Жээк айылынын ички жолдору түздөлүп жасалса, экинчи этапта Кара-Жээк—Беш-Терек унаа жолу оңдолуп, жалпы 600 миң сомдук каражат жумшалган. Учурда үчүнчү этабында аталган жолго эски асфальттар төшөлүп жатат.

Кара-Жээк—Беш-Терек унаа жолу бүтсө, маршруттук каттам жүргүзүлүп (Кара-Жээк, Беш-Терек, Кызыл-Жылдыз), пенсионерлер жана мектеп окуучуларынан жол акы алынбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×