Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.09.2019 10:46

Жумгалдын Чаек айылында «Тойота Ленд Крузер» ала салып кетти

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочу унааны Матыев көчөсүндө айдап бара жатканда башкарууну жоготуп, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Куткаруучулар унаанын ичинен 1962-жылы туулган Ч.А. аттуу эркек кишини чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×