Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.09.2019 16:46

Жумгалдагы «Соң-Көл» кинотеатрынын кызматкерлери суук имаратта иштешет

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатры оңдоп-түзөөгө муктаж.

Райондогу маданият бөлүмүнүн жана кинотеатрдын кызматкерлеринин айтымында, акыркы 10 жылдан бери жылытуу системасы иштебей калган. Кире беришинен тамчы агып, отургучтар эскирип, чатыры көгүчкөндөрдүн мекенине айланган. Кышкыга деп түшүрүлгөн көмүр отуну шарттын жоктугунан ошол бойдон жагылбай да калат.

Кинотеатрдын директору Бактилек Жусуповдун айтымында, кинотеатр 1968-жылы ишке берилген. Быйыл оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн смета түзүлүп, өкмөткө жиберилген. Оңдоо иштеринин жалпы сметалык баасы 9,3 млн сом. Бирок каржы маселеси ушул кезге чейин чечилбей келет.

«Бизде шарт такыр жок. Бул маселе боюнча өкмөт башчыга кат жолдонду. Мурда 5,5 млн сомго ылайыктап смета түзгөнбүз. Өкмөт башчы иш сапары менен Жумгалга келгенде Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырма берип, кайра смета түздүргөн. Анда жалпы сметалык баасы 9 млн 300 миң сом болгон.

Кыш эмес, жайдын чилдесинде ичинин суугунан киши отура албайт. Төрт кызматкер иштейбиз. Андан тышкары маданият үйүнүн кызматкерлери иштешет», - деди Бактилек Жусупов.

2014-жылдын 21-январында «Соң-Көл» кинотеатрына актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы ыйгарылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 24-майында Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Соң-Көл» кинотеатрынын абалы менен таанышкан. Ал Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисине кинотеатрды оңдоого жумшала турган чыгашанын сметасын түзүүнү тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×