Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 18.09.2019 11:10 На русском

Сүрөт — Жумгалдагы курулушу бүтпөгөн 6 мектептин таржымалы

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун аймагындагы 6 мектептин жаңы имараттары салынып баштап, бирок каражаттын жоктугунан курулуш иштери токтоп калган. Бул тууралуу Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

2014-жылы Баш-Кууганды айылындагы Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин 2 кабаттуу жаңы имараты 275 орундуу болуп курулуп баштаган. Жалпы наркы 59,7 млн сомду түзгөн. Ушул мезгилге чейин анын 17 млн сому которулуп, мектептин чатыры жабылып, терезелери коюлган. Ошондой эле ичи шыбалган. Учурда акча которулбай, курулуш иштери аягына чыкпай токтоп турат.

Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы орто мектебинин 275 орундуу жаңы имаратынын курулушу 2012-2013-жылдары башталган. Мектептин курулушу быйыл, 2019-жылы аяктамак. Бирок курулушка каралган 59 млн сомдун 36 млн сому гана (ушул кезге чейин) бөлүнгөн. Ага мектептин дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылып жана башка иштер аткарылган. Калган иштер каражаттын айынан токтоп турат.

Эски мектеп 1975-жылы курулган. ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылып, ал имаратта билим берүүгө тыюу салынган. Мындан улам жаңы мектеп салуу аракети башталган.

Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акыев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2014-жылы башталган. Жалпы наркы 57 млн сом, буга чейин анын 14 млн сому которулган. Быйыл 2 млн сом которулуп, имараттын экинчи кабатынын дубалынын жарымы көтөрүлдү.

Калык Акиев атындагы орто мектебинин 2 кабаттуу жаңы имараты 225 орунга ылайыкталып, спорт зал, ашкана, жыйындар залы менен бирге курулат. Учурда балдар окуп жаткан эски мектептин чатыры жарактан чыгып, пайдубалы жерге чөккөндүктөн ӨКМ тарабынан кооптуу имарат деген чечим кабыл алынган.

Таш-Дөбө айылындагы Таш-Дөбө орто мектебинин 225 орундуу жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталган. Жалпы наркы 59 млн сом, бүгүнкү күнгө чейин анын 22 млн сому которулган. Учурда курулуштун 40 пайызы бүткөн.

Азыркы тапта окуучулар билим алып жаткан эски мектеп 1950-жылы курулган. Анын пайдубалы чөгүп, чатырдан аккан суу мектептин капталын оюп кеткен. Мектептин ичи кышкысын жылыбайт.

Бул мектепте 400гө жакын окуучуга жалпы 47 мугалим билим берет.

Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2014-жылы башталган. Жалпы сметалык баасы — 64 млн 844 миң сом.

Мектеп 2019-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилет деп айтылган. Бирок курулуш иштеринин толук бүтпөгөндүгүнө байланыштуу жаңы имарат 1-октябрда пайдаланууга берилмек. Жакында эле өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Жумгалга иш сапары менен барып, курулуш иштери менен таанышып, мектептин ачылышы 1-ноябрга жылган.

2014-жылы Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Авангард-Строй» ЖЧКсынын ортосунда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин 275 орундуу жаңы имаратын куруу жөнүндө келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде курулуш иштери 2016-жылдын ноябрь айында аяктамак.

Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинде жалпы 600 окуучу билим алат.

Кабак айылындагы Исабек Орозалиев атындагы орто мектеби жаңы имаратынын курулушу быйыл башталды. Жалпы сметалык баасы — 62 млн сом. Быйылкы жылга 1 млн 700 миң сом каралып, мектептин фундаменти салынып баштады. Жаңы мектеп 150 орундуу болуп курулат. Курулушту «Тунук курулуш» ЖЧКсы колго алган.

Мындан тышкары оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан мектеп жана бала-бакчалар бар.

- Жумгал айылындагы М.Өмүрканова атындагы орто мектебине 3 млн сом каралып, мектептин от казанын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

- Таш-Дөбө орто мектебинин эски корпусунун чатыры 1 млн 600 миң сомго алмашылып, сырты оңдолууда. Жаңы имараттын курулушу бүтсө, бул эски мектептин имараты бала бакча болот.

- Жаңы-Арык айылындагы «Кызарт» бала бакчага 2,5 млн сом каралып, чатыры алмаштырылып, жылуулук системасы жасалып, дубалдары жылууланып жатат.

- Байзак айылындагы Автандил уулу Алтынбек атындагы бала бакчага 50 миң сом каралып, полдору алмашылган.

- Кабак айылындагы И.Орозалиев атындагы мектебинин бир корпусуна 230 миң сом каралып, көмөкчү чарба уюшулуп, мөмө дарактар тигилген. Келечекте жемиштер ысык тамакка жумшалат.

- Чаек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектеби үчүн АРИС тарабынан 1 млн 400 миң сомдук долбоор каржыланып, 1-2 корпустун терезе-каалгасы алмашып, ичи-тышы кырылып шыбалды. Аны менен катар жылуулук системасы оңдолуп, от казаны алмаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×