Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 23.09.2019 09:19

Чаектеги Т.Турсунбаева көчөсүнүн тосулган аймагын ачуу аракети көрүлүүдө

Turmush -  Жумгал районунун Таттыбүбү Турсунбаева атындагы көчөсүнүн базар тараптагы аймагы тосулуп, жаңы ишке кире турган унаа токтоочу жайга барууга мүмкүн эмес болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Айыл өкмөт башчысы Рустам Алымкулов жолду тосуп алган жана жеке менчикке чыгарып алдым деген жаран менен бир нече ирет сүйлөшүүгө барган.

«Ал жолду айыл тургуну жеке менчикке убагында чыгарып алгам деп, өзүнө тиешелүү мекеменин артын, Т.Турсунбаева көчөсүн темир торлор менен курчап, тосуп алган. Ал жерден жол өтүшү керек. Мен документтин түп нускасын алып кел дегем, бирок алып келген жок. Аларга тосмолор алынсын дегенбиз. Алабыз деп жатышкан. Негизи жолду менчиктештирип, курчап алуу туура эмес», - деди Алымкулов.

Аталган жолдун аймагында унаа токтоочу жайды ишке киргизүү аракети көрүлүп жатат. Буга чейин райондун борборунда унаа токтото турган жай болгон эмес.

Рустам Алымкуловдун айтымында, унаа токтоочу жай акысыз болот. Ошондой эле борбордук көчө унаа тыгындан арылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×