Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 24.09.2019 15:55

Жумгалда апасына болушкан күйөө аялын катуу токмоктоду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жумгал райондук соту Саматтын (аты өзгөртүлдү, С.М.) кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды.

2019-жылдын 5-март күнү саат 15:00 чамасында Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну Самат (аты өзгөртүлдү, С.М.) өзүнүн апасы Т.С.га болушуп, аялы Мырзагүл (аты өзгөртүлдү, М.Ж.) менен урушуп кеткен. Ошондо ал Мырзагүлдү ур-токмокко алып, ар кандай сөздөр менен коркуткан.

Соттук-медициналык экспертизанын чыгарган корутундусунда Мырзагүл жеңил жаракат алганы аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Саматка карата Жазык кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүмү (уруп-согуп кыйноо) менен айып тагылып, кылмыш иш Жумгал райондук сотуна жиберилген.

Жумгал райондук сотунун 2019-жылдын 15-июлундагы өкүмү менен айыпкер Жазык кодексинин 144-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылган. Жазык кодексинин 83-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде жаза өтөөдөн бошотулуп, 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалган.

Жазык кодексинин 83-беренесинин 3-бөлүмүндө пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөттөрү соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелип башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×