Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 25.09.2019 17:48

Миң-Куш айыл өкмөтү имараттуу болду

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн имараты 3,8 млн сомго оңдоодон өтүп жатат.

Айыл өкмөтүнөн кабарлашкандай, 16-аянтчада жайгашкан эски үйлөрдүн бирин оңдоп-түзөп, айыл өкмөттүн балансына алуу менен ал жайды мекеме кылуу демилгеленип, өкмөткө долбоор сунушталган. Долбоор колдоого ээ болуп, 3,8 млн сомго оңдоп-түзөө иши башталган. Ал каражаттын 2 млн 239 миң сому республикалык бюджеттен каржыланса, жергиликтүү бюддеттен 1,6 млн сому каржыланган.

Миң-Куш айыл өкмөтү түптөлгөндө ижарага имарат алып, анда кызматкерлер ушул күнгө чейин иштеп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×