Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 25.09.2019 20:00

Миң-Кушта 5 тонна таштанды чогултулду

Turmush -  Жумгал районунун Миң-Куш айылында 500 адам катышкан тазалык акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Канат Алманбетов билдирди.

Анын айтымында, акция «Таза коом» деп аталып, 500 адамдын ар бири 10 кг салмактан кем эмес таштанды чогултуу демилгеси көтөрүлгөн. Жалпы 22 мекеменин кызматкерлери менен айыл тургундарынын катышуусунда 5 тонна таштанды чогултулуп, жок кылынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×