Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 01.10.2019 14:25 На русском

«Уйдун туягы кирген окшойт»: Чаектиктердин нааразычылыгы

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Эсенжан Сапарбеков менен Эркинбек Матыев көчөлөрүндөгү 3 чакырым жол өкмөт тарабынан асфальтталган. 10 күн мурун пайдаланууга берилген жолдун сапатсыз жасалышына айыл тургундары нааразы болушууда.

«Бул кантип салынган жол? Миллиондогон акчаларга ушундай тешик жол салабызбы? Тешиктин көлөмү уйдун туягындай же чын эле туягы кирип кеткен. Жергиликтүү депутаттарды чакырып көрсөттүк. Буга көз салып, бизге сапаттуу жол салып беришсин. Мындай абалда биз кабыл албайбыз», - деди тургундар.

Чаек айылдык кеңешинин депутаты Марат Оторбаев буларга токтолду.

«Бул жолду жасап жаткан компания мурда да кемчиликтерди кетирген. Кайра тендерден утуп алганына таң калдым. Эмнеге көзөмөл жок? Буга чейин ушул эле Э.Матыев көчөсүнүн жогору жагын жасаган. Ал жолдо бир жыл өтпөй жарака кеткен. Арыктар көмүлбөй, талапка жооп берген эмес. Эми минтип 10 күн боло электе тешилип отурат. Тешигинен канча көлөмдө асфальт төшөлгөнүн карасак, 1 см болот экен», - деди ал.

Райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Зарылбек Моңошов жолдун тешигин комиссия менен жеринде текшерип келишкенин билдирди.

«Бул жолду комиссия менен текшердик. Жасап жаткан компаниянын прорабы мойнуна алды. Асфальт төшөп жатканда жабдык бузулуп, асфальт жука төшөлгөн экен. Ошол жерди кайра асфальтташмай болду. Кайра оңдоо жумуштары жаан басылып, жер кургары менен башталат. Смета боюнча асфальт 6 см болушу керек. Калган бөлүктөрүн да текшертебиз. Мындайга жол бербегенге аракет кылабыз», - деди Моңошов.

Эркинбек Матыев көчөсүнүн 0,3 чакырым (300 метр) жолу 1,8 млн сомго жасалып, жол жээктерге бордюрлар коюлган. Ал эми Эсенжан Сапарбеков көчөсүнүн 2,7 чакырым жолун асфальттоого 16,2 млн сом каралган. Ошондой эле аталган көчөгө үч көпүрө салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×