Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 09.10.2019 09:10

Чаекте 1,6 млн сомго курулуп жаткан ветклиника пайдаланууга берилет

Turmush -  Жумгал районунун борбору Чаек айылында ветклиника салынып жатат. Бүгүнкү күндө 99% иш бүткөн.

Айылдын жайыт комитетинин төрагасы Тынчтыкбек Акматовдун айтымында, ветклиника АРИС аркылуу 1 млн 555 миң 356 сомго курулуп жатат.

«Бул демилгени жергиликтүү дыйкан, чабандар көтөрүшкөн. Ветклиника өз көзөмөлүм менен курулуп жатат. Ачылышы бүгүн, эртең болот деп турабыз. Ачылары менен мал-жандыктар кралинге салынып, кароодон, эмдөөдөн өтүшөт», - деди Т.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×