Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 27.01.2014 15:34

Жумгалда ооруканага жаш медик адистердин ордуна пенсионерлер кызматка алынып жатканына нааразы болушууда

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Доскулу айыл өкмөтүнүн Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жаш кадрлар алынбай, ордуна пенсия курактагы 2 кызматкер кабыл алынган. Бул тууралуу аталган айыл аймактын тургуну, пенсионер Турсунов Жалил аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымына карасак, мындан 1 ай мурда айылдык ҮДТ (үйбүлөлүк дарыгерлер тобу) башкы дарыгерине кайрылып, келинине жумуш сураган. Дарыгер жумуш оруну 1,5 ставкага чейин бар экенин жана кызматка ала турганын айткан. Бишкек шаарында иштеп жатышкан уул, кыздарын айылга алып келген Жалил аксакал кайрадан аталган айылдык ооруканага кайрылышканда бош орундарга жарым ставка менен 2 пенсия курактагы адистерди алып алган. Ортодо келини кызматынан бошоп келип алып жумушсуз калган.

«Убагында жумушка алам дебесе, мен уул, кыздарымды жумуштарынан бошотуп алып айылга алып келбейт элем да. Жашым 65те ушул айылда 1975-жылдан бери жашап келем. Айылдык оорукананын башкы дарыгери Самудинова Анипа кызматка ала турганын айтпаса, келиним Бишкек шаарындагыкардиология бөлүмүндө иштей бермек эле. Дарыгерге кайрылсам, кайра бош орун жок, ордуларына адистерди алып алдым деп орой жооп беришти. Эми ары же бери болбой жумушсуз калды», - дейт Ж.Турсунов.

Ал кошумчалагандай, келининин иш тажрыйбасы 4,5 жыл, медайым Чычканбаева Эланура 1988-жылы туулган. Учурда 1 баласы бар. Буга чейин Бишкек шаарында борбордук ооркуналарда кызмат кылып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×