Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 13.02.2014 17:30

Жумгалда жергиликтүү депутаттар район акиминин жылдык отчетун канааттандырды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын кошмо жыйынынын кезектеги отуруму болуп өттү, деп билдирди «Баракелденин» аймактык кабарчысы.

Отурумга жергиликтүү депутаттардан тышкары, өкмөттүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жана райондун акими, жергиликтүү түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Анда район акими Адылгазы Исагуловдун бир жылды отчету угулуп, бир катар меселелерге токтолушту.

Отурумда райондун аймагындагы мамлекеттик, чарбалык иштердин жүрүшү, аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер туурасында маселелер козголду. Ошондой эле, жайыт маселеси, салык, курулуш жумуштары туурасында сөз болду.

Жыйынтыгында жергиликтүү кеңештин депутаттары анын отчетуна канааттандыраарлык деген баа берип, акимдин мындан аркы ишине ийгилик каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×