Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 04.03.2014 12:59

Жумгалдын сот залындагы окуяны укук коргоо органдары атайын уюуштурган, - Р.Токтогуловдун туугандары

Turmush -  Ушул жылдын 20-февраль күнү Нарын облусунун Жумгал районундагы сот залында болгон башаламандыктын келип чыгышына укук коргоо органдары күнөөлү, деген пикирин сот залындагы башаламандыктардан кийин дайынсыз болуп изделип жаткан Рустам Токтогуловдун туугандары бүгүн, 4-мартта АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Р.Токтогуловдун агасы Асанбек Токтогуловдун айтымында, сот залында айыпталуучулардын коопсуздугун сактоого милдеттүү болгон тийиштүү органдар милдеттерин аткарган эмес.

«Учурда баардыгы атайын уюуштурулган сцена деп ойлоп жатабыз. Коопсуздук чараларын көрүүгө Нарын ОИИБдин жетекчиси, Жумгал РИИБдин жетекчиси түздөн-түз милдеттүү болгон. Бирок, айыпталуучулардын эч ким коргогон эмес. Сот залында болушу керек болгон конвойлор дагы болгон эмес. Айыпталып жактан милициянын 3 кызматкери сот жыйынтыкталаары менен дароо сот залынан алынып кетиши керек болгонуна карабастан, өрт чыккандан кийин 10 мүнөткө жакын темир тордун артында кармалып турган. Ал эми, ишти кароодон баш тарткан соттун төрагасы милдетин толук аткарбастан өкүмүн окуган соң, дароо качып кеткен», - деп белгиледи ал.

Жумгал жериндеги окуя боюнча Нурдин Мотуевдин билдирүүсүнө кошуларын белгилеген А.Токтогулов, «Мен ал жигитти тааныбайм, бирок эң туура айтып жатат. Сот залындагы башаламандык учурунда укук коргоо органдары, бийлик өкүлдөрү, жетекчилик бардыгы качып кеткен», - деп кошумчалады А.Токтогулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×