Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 04.03.2014 13:01

Р.Токтогуловдун агасы дайынсыз болуп жаткан инисин табууга бийлик милдеттүү, деп эсептейт

Turmush -  Дайынсыз болуп изделип жаткан Рустам Токтогуловду издөө иштерин уюштуруп, аны табууга өкмөт милдеттүү, деген талабын Р.Токтогуловдун агасы Асанбек Токтогулов бүгүн, 4-мартта АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Р.Токтогулов кызматтык милдетин аткарып жүрүп, ушундай окуяга туш болгонун белгилеген А.Токтогулов: «Өкмөт тарабынан, бийлик тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Учурда балабызды тирүү, же өлүү деп денесин көрсөтө албай турабыз. Издөө иштерин жүргүзүп, аны таап берүү өкмөттүн милдети», - деди А.Токтогулов.

А.Мамбеталиевдин өлүмү боюнча Р.Токтогуловду күнөөлү эмес деп эсептеген агасы, «Биз Р.Токтогуловдун күнөөлү эмес экендигине ишенебиз. Айбек Мамбеталиев милиция кызматкерлери тарабынан сабалып каза болду деген бир дагы күбө, факт жок. Ал эми жүрөк оорусунан каза болду деген экспертизанын жыйынтыгы бар», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×