Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 05.03.2014 09:53

Жумгал районунда кырдаал жаман, эки тараптуу кагылыш чыгып кетиши мүмкүн , - Т.Акун

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда болуп келген укук коргоочу Турсунбек Акун «Жумгал районунда кырдаал жаман, эки тараптуу кагылыш чыгып кетиши мүмкүн, деп билдирди кечээ, 4-мартта Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында.

Бул окуяны тийиштүү органдар акыйкаттуу чечиши керек деген пикирин билдирген Т.Акун: «Бийлик, күч органдары окуяны калыс карап чечүүсү керек. Сот прокуратурага, прокуратура ИИМге шылтап жемкорлук менен алектенип отурат, ал эми карапайым адамдар жабыркоодо. Жумгалдагы сотту деле карап көрсөк, укук коргоо органдары тарабынан өз кызматкерлерин коргогон чагымчылдык аракеттер көрүнүп турат. Сот бүткөн соң айыпталып жаткан үч ички иштер кызматкери 20 мүнөт кармалып турган. Аларды дароо залдан алып кетиш керек болчу», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×