Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 06.03.2014 13:16

ЖК депутаты Жумгалдын сот залындагы башаламандык маселесин көтөрүп чыкты

Turmush -  КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева бүгүн, 6-мартта парламенттик отурумдун жүрүшүндө Нарын облусундагы Жумгал районунун сот залында болгон башаламандык маселесин көтөрүп чыкты.

«Өзүңүздөр билгендей, сот залында болгон окуяда айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачылып, өрт коюлду. Азыр мага күн сайын райондун тургундары кайрылып, өрттү тутантууга катышпаган адамдар дагы милиция тарабынан камакка алынганын билдирип жатышат. Өрт тутантылган маалда Айбек Мамбеталиевдин ата-энеси, карындашы сот залында болгон эмес, бирок алар 2 айга камакка алынгандардын арасында экендигин билдиришүүдө», - деди эл өкүлү.

Аталган окуя милиция кызматкерлеринин күнөөсүнөн улам келип чыккан деген пикирин билдирген Д.Ниязалиева: «Сот маалында залда милициянын 17 кызматкери болгон, бирок алардын бирөөсү дагы окуяны токтотуунун аракетин көргөн эмес. Залга элдер бөтөлкө менен бензиндерди алып кирип, айыпталып жактан милиция кызматкерлерине чачып, өрт тутантып жатканда, аларды токтотпостон, кайра телефондун камерасына тартып турушкан. Бул маселе боюнча териштирүү иштерин жакшы жүргүзүү керек. Күнөөлүүлөр жазасын алуу керек, бирок күнөөсү жокторду бошотуу зарыл», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×