Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 11.03.2014 17:51

Жумгалда көпчүлүк айылдык кеңештердин депутаттары кабыл алынуучу бюджеттин өлчөмдөрүн билишпейт, - сурамжылоо

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун жаштары уюштурган коомдук угууда катышкан айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттары өткөн жылдын жана бул жылдын бюджетинин өлчөмдөрүн билишпейт. Бул тууралуу райондун 10 айылында болуп өткөн бюджеттик коомдук угуулардагы сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду, деп билдирет «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

Ошондой эле, кагаз түрүндө берилген сурамжылоодо, өткөн 2013-жылы жаштар, спорт жана маданият тармактарын колдоо багытында акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен каралган эместиги аныкталды.

Жегиликтүү бийлик айыл тургундарын бюджеттик коомдук угууларга чакырбайт жана коомдук угуулар тууралуу маалыматтарды толук жеткирбейт деген ойлорун билдиришкен.

Маалымат үчүн айта кетсек, Жумгал жаштары уюштурган жер-жерлердеги коомдук угууну Германия эл аралык кызматташтык коому GIZтин «Жаштар үчүн жаркын келечек» программасы аркылуу каржыланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×