Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 27.01.2014 19:16

Жумгал жаштары бөйрөгүнөн жабыркап жаткандарга каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук акция өткөрүшөт

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун жаштары 27-январдан тарта Жумгал районунун аймагынан орун алган мекеме ишканалардын жана айыл өкмөттөрдүн жалпы жамааттарына жана кайдыгер карабаган инсандардан колдоо сурап кайрымдуулук акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу «Баракелденин» аймактык кабарчысы билдирди.

Акциянын максаты - райондун Көк-Ой айылынын тургуну 1985-жылы туулган - бөйрөгүнөн операцияга муктаж болгон Өмүров Темиржан менен Беш-Терек айылынын тургуну, 1992-жылы туулган - эки бөйрөгү иштебей 2 жылдан бери жабыркап келе жаткан Үсөн уулу Нурсултандарга каражат чогултуу.

Жаштар алгач, жергиликтүү бийликке жана облустун жетекчилигине кайрылуу жолдошуп, Нарын облусунун аймагындагы мекеме ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринен 1 күндүк эмгек акыларын которттуруп беришин суранышат. Ошону менен бирге кайдыгер карабаган инсандардан колдоо сурап кайрылышат.

Бул акцияга Жумгал районунун жалпы жаштары, мектеп окуучулары жана активдүү жергиликтүү калк катышат. Акция ар кыл багытта өтүп, социалдык тармактар аркылуу дагы чагылдырылып турат.

Акция 1-2 жумага созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×