Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 24.03.2014 16:30

Жумгалдын Таш-Дөбө айылында «Келечек жаштары» ураанынын алдында волейбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 20-март күнү Таш-Дөбө жаштары тарабынан уюшулган «Келечек жаштары» ураанынын алдында волейбол боюнча мелдеш болду. Бул тууралуу аталган айылдан Нуркожо уулу Айбек билдирди, деп кабарлады аймактык кабарчы.

Анда мектеп директору баш болгон мугалимдер коммандасы түзүлүп, жалпы 6 команда кызуу оюн көрсөтүштү.

Мелдеште 1-орунга мектеп окуучулары тарабынан түзүлгөн «Окуучулар» командасы келсе, 2-орунга айыл тургундарынан түзүлгөн «Куусеки» командасы, ал эми 3-орунда «Агайлар» командасы келди.

«Нооруз майрамына карата уюштурулган жаштардын бул демилгесин жалпы журт колдоп беришти. Ар бир түзүлгөн команда кызуу жарышка түшүп жатышты. Негизи Таш-Дөбө айылында спорт тармагы жакшы өнүгүп келе жатат. Бул жылы АРИС долбоору аркылуу жаңы спорт залы курулуу алдында турат», - деди мектеп директору Байболотов Нурпилал.

SAM_4478

SAM_4477

SAM_4482

SAM_4487

SAM_4488

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×