Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 24.03.2014 18:49

Жумгалдыктар Н.Мотуевге: Сиз саясий темада чагымчылдык кылуу үчүн келбей, тууганчылык менен келиңиз

Turmush -  Бүгүн, 24-мартта Нарын облусунун Жумгал районундагы маалымат борборго район аксакалдары, аялдар кеңеши жана улгайган энелер коомдук ишмер Нурлан Мотуевтин жумгалдык энелерге акаарат келтиргени боюнча атайын маалымат жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда Н.Мотуевдин акыркы жолу Жумгал элине жасаган туура эмес иштерин талкууга алышып, бир чечимге келишти.

Райондун кошмо жыйынынын төрагасы Калыбек Ажыгулов сөз сүйлөп, Нурлан Мотуев Жумгал жерине Садыр Жапаровго тиешелүү басылмаларды алып келип алып, элдин арасында чагымчылдык кылып жатканын айтты. Элдин арасында өйдө-төмөн иштерди жасап, элди толкундоолорго алып келиш максатында келип атат, деди ал.

Ошондой эле, К.Ажыгулов Н.Мотуевге кайрылып, «Сиз Жумгалга саясий темада чагымчылдык кылуу үчүн келбей, тууганчылык менен келиңиз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×