Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 27.03.2014 17:36

Жумгалдын айрым тургундары, Д.Ниязалиеваны ЖК комитетинен кетирүүгө аракет кылгандарга башка кадамдар менен барабыз, деп жатат

Turmush -  Депутат Дамира Ниязалиеваны Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинен кетиребиз деп аракет кылгандарга башка кадамдар менен барабыз, деп билдирди Жумгал районунун айрым тургундары кечээ, 26-мартта өткөргөн маалымат жыйында.

Чогулган айыл аксакалдары, активисттер ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева боюнча ЖКнын социалдык саясат комитетинен түшүрөбүз, деп аракет кылып жүрүшкөн ЖКнын айрым депутаттарына карата кайрылуу жасап, курч пикирлерин айтышты.

«Азыр Д.Ниязалиевага асылып жаткандар элге эмне кызмат кылганын билбейт экенбиз. Алар Д.Ниязалиеванын жеке менчик ишканасы бар деген дооматты айтышууда. Ал ишканасынан түшкөн каражаттар менен муктаж болгон адамдарга жардам берип келүүдө», – деди Куйручук айылынан келген Бектемир Жаркынбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×