Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 28.03.2014 18:24

Жумгалда коррупциянын алдын алуу иштери кызуу жүрүүдө, - УКМК өкүлдөрү

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында коррупцияны алдын алуу иштери кызуу жүрүүдө. Мындай пикирди бүгүн, 28-мартта Жумгал районунда болуп өткөн «Мыйзамдуулукту сактоо — мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн өбөлгөсү» аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө Кочкор-Жумгал райондук мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкери билдирди, деп кабарлады аймактык кабарчы.

Анын айтымына карасак, азыркы учурда ар бир жаран коррупцияга каршы күрөшүүлөрү керек. Учурда өлкөдөгү болуп жаткан коррупциялык көрүнүштөр жеке жарандар менен кызматкерлердин ортосунда көп болууда.

«Ар ишти алдын ала билип, анализ жүргүзсөк, бардык иштердин коопсуздугун алдын ала билебиз. Алдыда жакшы иштер башталып, бир катар иштер алдыга жылып атканда өлкөдөгү саясий абалдагы оппозицияга кошулуп пикет, митингтерди уюштуруунун кажети жок», - деди ал.

Ошондой эле, жыйында ар кыл багыттагы социалдык маселелер менен бир катар орчундуу иштер айтылып, бардык жарандарга коррупция жана саясий туруктуулукту алдын алуу иштери кеңири түшүндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×