Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 14.04.2014 11:38

Жумгалда бөйрөктөрүнөн операция жасатууга муктаж бейтаптарга смс аркылуу акча которуу акциясы уланууда

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун айылдарында ден соолуктарынан жабыркап жаткан жарандарга кайрымдуулук акциясын өткөрүү улантылып жатат, деп кабарлады аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Көк-Ой айыл аймагынын тургуну Өмүров Темиржан, Беш-Терек айылынын тургуну Үсөн уулу Нурсултан жана Түгөл-Сай айыл аймагынын тургуну Турумбекова Нурзада бөйрөктөрүнөн жабыркап, операция кылууга каражаттын тардыгынан улам кыйналып келишет.

Бул жарандарга жардам берүү максатында мекеме кызматкерлери арасында жүргүзүлүп жаткан 1 күндүк эмгек акыларын которуу тууралуу акцияны колго алып, Жумгал айыл өкмөтүнүн жалпы жамааты тарабынан 7551 миң сом каралды жана ар биринин эсебине 2517 сомдон которулуп берилди.

Ошондой эле Таш-Дөбө айыл аймагынын аппарат кызматкерлери жалпы 1400 сом которуп, жардам көрсөтүштү

Темиржанга карата «Элим барсыңбы» кайрымдуулук фондусу тарабынан уюштурулган 1 айык акция дагы да болсо улантылып жатат, ал үчүн колдоо көрсөтөм дегендерге sms аркылуу 25 сомдон колдоо көрсөтсө болот.

2015 кыска номерине Темиржан аты менен sms жөнөтүү 30-апрелге чейин улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×