Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 22.04.2014 13:27

Жумгалдын Көк-Ой айылында айрым талапкерлер жергиликтүү кеңешти шайлоодогу бюллетендерди кайра санап чыгууну талап кылууда

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айыл аймагына караштуу №4121 шайлоо участкасында 20-апрелде жергиликтүү кеңешти шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деген айрым талапкерлер менен айыл тургундары кечээ, 21-апрелде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышып, бюллетендерди кайра саноо үчүн арыз жазышкан. Бул туралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо учурунда байкоочу жарандар участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы таратып жаткан суусундукка уктата турган дары (димедрол) кошулгандыгын айтып чыгышты. Себеби шайлоо комиссиясынын участкалык төрагасы байкоочуларга суусундук таратып жатканын көрүшкөн.

«Бюллетендерди саноо жүрө баштаганда эмнегедир шайыбыз кетип, айрымдарыбыз уктап да калыпбыз. Ошол күнү кечки саат 19:00дө башталган санак таңкы саа 06:00дө жыйынтыкталды. Шайлоонун жүрүшүн тартып, көзөмөлдөп жүргөн ЖМКнын кабарчысы дагы уктап калып, түнкү саат 00:15тер чамаларында кетип калган. Бул комиссия шайлоонун жыйынтыгын бурмалады. Биз акыйкаттыкты жана туруктуулукту талап кылабыз», - дейт айыл тургундары.

Бул боюнча БШКнын Жумгал району боюнча өкүлү Насыбалы уулу Каныбек, Жумгал райондук соту ишти биринчи күнү карабай бүгүнкүгө койгондугун жана кайрадан бюллетендерди эсептеп чыгуу боюнча БШКга арыз түрүндө кайрылгандарын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×