Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 10.10.2014 12:48

Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов орто мектебиндеги китепканага алгачкы педагог К.Акматалиеванын ысымы берилди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы Сейдалы Медетов атындагы орто мектебиндеги китепканага айылдагы алгачкы эл агартуу кызматкери Калича Акматалиеванын ысымы берилди. Бул тууралуу аталган орто мектебинин директору Ширинбек Мусаев билдирди, деп кабарлады Turmush асылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, мектептин китепканасында балдар окуй турганга толук шарттар мурда болгон эмес. Эми айылдын алгачкы мугалими болуп кызмат аркалап келген Калича Акматалиеванын балдары, неберелери аталган китепканага ысым ыйгарышып, толук шарттарын түзүп, ички эмеректерин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, мектептин китепканасынын жалпы фонду 3070 окуу адабий китеби болсо, 950 методикалык китептер орун алган. Мектепте жалпы 35 мугалим 340 окуучуга билим тарбия берет.

китепкана тугол сай (2)китепкана тугол сай (3)китепкана тугол сай (4)китепкана тугол сай (1)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×