Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 16.10.2014 14:00

Жумгал районундагы А.Молдокеев атындагы орто мектебинин от казаны кайрадан алмаштырылууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинин от казаны алмаштырулууда. Бул тууралуу Жумгал районунун акиминин орун басары Арстан Кадыров билдирди, деп кабарлайт Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, мектепте «ТанСу» маркасындагы 130 кВ 4 от казан түрткү берүүчү гранты жана мамлекеттик курулуш тарабынан коюлган. 

«Атайын эксперттер жана комиссиянын чечиминде мурунку от казандардын күч-кубаты туура эмес эсептелингени аныкталган. Мамлекеттик курулуш жетекчилигине кайрылып жатып, 600 кВ «ТанСу» фирмасынын от казынын алып келип, коюлуп жатат», - дейт А.Кадыров.

Ал кошумчалагандай, Асылбек Молдокеев атындагы орто мектепке жалпы 425 тн көмүр отуну керектелет. Ал эми от казандын жалпы наркына жана орнотууга 1 млн сомго чукул акча каражаты жумшалган.

Still1016_00031Still1016_00032Still1016_00035Still1016_00038Still1016_00039
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×