Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 18.10.2014 14:50

Жумгал районунда 9 айда жергиликтүү салыкка коюлган планды 3 айыл өкмөтү аткарышкан жок

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда жергиликтүү салыктардын аткарылышы 2014-жылдын 9 айына 120 034,5 миң план берилген болсо, анын аткарылышы 147 681,1 миң сом болуп 123,0%га аткарылган. Бул тууралуу маалымат райондун 9 айынынын жыйынтыгы менен маалым болду, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анда маалым болгондой, жергиликтүү саллыкка коюлган планды райондо 3 айыл өкмөтү 100%га аткара алышкан эмес.

Алсак, райондун Чоң-Дөбө айыл өкмөтү -67,5 %, Миң-Куш айыл өкмөтү -90,0 %, Түгөл-Сай айыл өкмөтү- 57,8 % гана аткара алышкан.

Ал эми Жумгал айыл өкмөтү -100,6 %, Байзак айыл өкмөтү -134,5 %, Жаңы-Арык айыл  өкмөтү- 101,9 %, Куйручук айыл  өкмөтү -128,8 %, Таш-Дөбө айыл өкмөтү- 120,8 %, Баш-Кууганды айыл өкмөтү-103,2 %, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү -104,3 %, Көк-Ой айыл өкмөтү -102,1 %, Чаек айыл өкмөтү -108,9 %, Кабак айыл өкмөтү -116,8 %га ашык аткарып берилген планды жабышкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×