Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 20.10.2014 14:44

Жумгал районунда ӨКМ тарабынан 9 айда коллектордук дренаждык түйүн куруу боюнча 1,2 млн сомдук иштер аткарылды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда ӨКМ тарабынан 9 айда коллектордук дренаждык түйүн куруу боюнча 1,2 млн сомдук иштер аткарылган. Мындай маалымат райондун 9 айынынын жыйынтыгында ӨКМдин Жумгал району боюнча өкүлү Элдияр Турсунакунов билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.


Анын маалыматында, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» планына карата 9 айда жалпы 1 млн 253 миң 744 сомдун жумуштары аткарылган.

Анда райондун Куйручук айыл аймагында ачык типтеги коллектордук дренаждык түйүн (КДТ) куруу иштери толугу менен аяктап, ага КДТ курууга КР ӨКМнин ӨКЧКТБнун 1-даана ЭО-18 эксковатор жана 1-даана КАМАЗ-65115 техникалары тартылып, 6600 м3 же 1450 метр узундуктагы КДТ курууга жалпы 3780 литр күйүүчү майы сарпталып, 542 миң 764 сомдук жумуш аткарылган.

Андан тышкары Кызыл-Жылдыз айыл аймагында ачык типтеги коллектордук дренаждык түйүн куруу иштери толугу менен аяктап КДТ курууга КР ӨКМнин ӨКЧКТБнун 1-даана ЭО-18 эксковатор жана 1-даана КАМАЗ-65115 техникалары тартылып, 2000 м3 же 800 метр узундуктагы КДТ курууга жалпы 1065 литр күйүүчү майы сарпталып, 369 миң 680 сомдун жумуштары аткарылган.

Ошондой эле Кабак айыл аймагындагы Табылгыты айылындагы селден коргоочу каналды калыбына келтирүү иштери жүрүп, КДТ курууга КР ӨКМнин ӨКЧКТБнун 1-даана ЭО-18 эксковатор жана 1-даана КАМАЗ-65115 техникалары тартылып, 3750 м3 же 650 метр узундуктагы КДТ курууга жалпы 1065 литр күйүүчү майы сарпталып, 262 миң 700 сомдук жумуштары аткарылган. 

Булардан башка дагы Чаек айылынын борборундагы А.Акматалиев көчөсүндөгү жер алдындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү максатында 180 маралыкка КДТ курулуп, 400 м3 жумуш аткарылган. Жумуштун жалпы суммасы 78 миң 600 сомду түзүп, жалпы 1,2 млн сомдун жумуштары толук аткарылып аягына чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×