Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 20.10.2014 16:24

Жумгал районунун Байзак айылында 49 айым ПРООН тарабынан 1 млн сомдук колдоо алып жашылча-жемиш өстүрүшкөн (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында 49 айымга ПРООНдун жакырчылыктан чыгуу программасынын алкагында жашылча-жемиш өстүрүүгө 1 млн сом жумшалган. Учурда аталган айылдагы 49 айым 7 топко бөлүнүп бул жылы жашылчалардын уругун тигип, жыйынтыгын түшүмдү жакшы алышкан. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Адыл Сапаров маалымдады, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, жалпы 49 айым иш менен камсыз болушкан. Каржыланган тараптан иштеген айымдарга кошумча кызматтары үчүн ун жана май берилген.

«Бул ишкер айымдарга 2,5 сотый жерге помидор, 2,5 сотый жерге барыдаңдын тез түшүм бере турган сортторун өстүрүштү. Учурда 49 айымдан турган 7 топ түзүлүп, бул күздө бардыгы жакшы түшүм алышты. Бул жакырчылыктан чыгуу программасы элге жакшы шарт түзүп берүүдө. Эми кышка чейин 7 топтун 1 тобу күнөскана ачууну утуп алды. Азыркы учурда иштеген айымдарга 5 тонна ун, 5 тонна суу майы келе жатат», - деди А.Сапаров.
байзак кунос (3)байзак кунос (1)байзак кунос (2)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×