Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 21.10.2014 09:45

Жумгал районунун Ак-Татыр айылында 4 млн сомдук кум, шагыл чыгара турган ишкана ишке берилди (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Ак-Татыр айылында 4 млн сомдук таза кум жана шагыл чыгара турган чакан ишкана өз ишин баштады. Бул тууралуу маалымат райондун 9 айынын жыйынтыгында белгилүү болду, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка каарсак, ташты тазалап, кумду элеп колдонууга керектеле турган таза кумду чыгаруучу жабдык «Жумгал ишкерлери» ААКсы тарабынан 4 млн сомдун тегерегиндеги каражат сарпталган.

Аталган жайдан чыгарылган таза кум, таза бетон, пескоблок жана таманташ (брусчатка) заманбап турак-жайдын дубалына жана шыбак үчүн керектелип келет. Ошондой эле бул ишкананын жанына пескоблок менен таманташ чыгара турган жабдыктар жеке ишкер тарабынан алынып келинип ишке киргизилген.

шагыл (1) шагыл (2)шагыл (4)шагыл (5)шагыл (6)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×