Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 21.10.2014 14:04

Жумгал районунда келерки жылы айылдарда чакан ишканалардын ачылуусу күтүлүүдө, - акимдин орун басары А.Кадыров

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда келерки жылдын башы менен айылдарда бир канча чакан ишканалар жана муниципалдык, жеке менчик жайлары ишке берилет. Мындай маалыматты бүгүн, 21-октябрда Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Арстан Кадыров билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, учурда бардык айылдарда тактоо иштери жүргүзүлгөн. Анын ичинен айыл өкмөттөрдө ПРООНдун Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү программасы аркылуу бир канча долбоорлор сунушталып жактырылган. Ошондой эле айрым долбоорлор каржыланып баштапкы иштери аткарыла баштаган.

Алсак, Кызыл-Жылдыз айыл аймагында таза суу системасынын суу топтоочу курулмасынын кубаттуулугун көтөрүү боюнча жалпы суммасы 509 миң 600 сомдук иштер аткарылат. Ошондой эле, Жумгал айыл аймагындагы темир устакананы толук ремонттон өткөрүүгө - 386 миң 210 сом, Жумгал айыл амагындагы эгин кампасын ремонттон өткөрүүгө - 466 миң 510 сом, Жаңы-Арык айыл аймагындагы таза суу системасын кеңейтүү боюнча 419 миң 200 сом, Куйручук айыл аймагындагы таза суу системасын кеңейтүү боюнча 569 миң 575 сом, Чоң-Дөбө айыл аймагындагы таза суу системасын кеңейтүү боюнча 637 миң 195 сом, Түгөл-Сай айыл аймагындагы Айдарбек суу каналын толук ремонттон өткөрүүгө 1 млн 841 миң 970 сомдук жумуш аткарылат.

Ошондой эле, муниципалдык жайлар катары Кызыл-Жылдыз айыл аймагында жүндү кайра иштетүүчү цехин ачуу боюнча 683 миң 715 сомдук, Кызыл-Жылдыз айыл аймагында жашылча жемиш өстүрүүгө багытталган күнөскана куруу -  412 миң 348 сом, Куйручук айыл аймагында кичи кормо цех ачуу - 686 миң 869 сом, Чоң-Дөбө айыл аймагында күнөсканан куруу - 407 миң 551 сом, Көк-Ой айыл аймагына күнөскана куруу - 397 миң 551 сом, ушул эле айылга тигүү цехин ачуу - 437 миң 785 сом, Ак-Татыр айыл аймагында күнөскана куруу - 322 миң 352 сом жана Баш-Кууганды айыл аймагына темир устакана ачуу боюнча 201 миң 500 сомдук жумуштарды бүткөрүү пландалууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×