Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 24.10.2014 10:55

Жумгалда быйыл көмүр өндүрүү 500 миң тоннага чейин барат, - район акими А.Исагулов

Turmush -  Жумгал районунун көмүр кесимдериндеги ишканалар 2015-жылдын башына карата 0,5млн тоннага чейин көмүр өндүрүшөт. Бул тууралуу Жумгал районунун акими Адылгазы Ысагулов олустук коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын көмүр казуу көбөйүүдө. Мисалы, быйыл 9 айда 300 миң тоннадан ашык көмүр казылды. Эми ушул октябрь-декабрь айларында көмүр казуу дагы көп болот. Ошондуктан быйыл 500 миң тоннага жакын көмүр казылат деп болжолдонууда.

Отурумда облус боюнча «Кара-Кече», Миң-Куш», «Дүңгүрөмө» жана «Турук» көмүр кесимдеринде жалпысы 15 ишкана болсо, алардын 13ү иштеп жаткандыгы, алар 9 айда 338,4 миң тонна көмүр казгандыгы белгиленди.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 153,1 миң тоннага көп (182,6 %) дегендикти билдирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×