Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 28.10.2014 18:56

Жумгалдын Чаек айылындагы Алтынбек Шабданбек уулу атындагы бала бакча жылдын мыктысы деп табылды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылына орун алган Алтынбек Шабданбек уулу бала бакчасы жылдын мыкты бала бакчасы аталып, район акиминин кызыктыруучу белегине татыды. Бул тууралуу маалымат райондун 9 айынын жыйынтыгы менен белгиленди.

Анда аталган бала бакчанын директору Жаңылкан Итиева көп жылдардан бери үзүрлүү эмгеги үчүн жана бала бакчадагы жетишкен ийгиликтери менен катар ар кандай иш-чара, кароо-сынактарга активдүү катышып келе жатканы үчүн Жумгал районунун Ардак грамотасы менен сыйланып, 1 ноутбук белекке берилди.

Белгилей кетсек, Чаек айылындагы Алтынбек Шабданбек уулу атындагы бала бакчасында учурда 17 кызматкер иш алып барып, жалпысынан 3 топ менен 95 бала тарбияланып келет.

жылдын мыкты бала бакча (2)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×