Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 29.10.2014 09:15

Жумгал районунун Чаек айылындагы Алтынбек Шабданбек уулу атындагы бала бакчасы 3 тайпа менен 95 баланы тарбиялайт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Шабданбек уулу Алтынбек атындагы №1 балдар бакчасында учурда жалпы 3 топ менен 95 бала тарбияланып келет. Мындай маалыматты аталган балдар бакчасынын директору Жаңылкан Итиева маалымдады, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын маалыматына карасак, балдар бакчасы 1970-жылдан бери иштеп келет. Балдар бакчасында жогорку билимдүү кесипкөйлөр иш алып барат. Учурда жогорку билимге ээ 3 тарбиячы болуп Салтанат Шейшенбекова, Кумар Токтокожоева жана мед айым Бурмакүл Көбөева иш алып барышат. Андан тышкары 15 кызматкер эмгектенет.

Бала бакчанын ичине бул жылы таза-суу киргизилип, балдардын тамактануусуна шарттар кенен түзүлгөн. Ошондой эле, бул жылы мыкты бала бакча катары каралып, жамаатка район акиминин кызыктыруучу белеги тапшырылган.

«Бул жылдын жаз, жай мезгилдеринде Кызарт бел ашуусу тарапка жайлоо бала бакчасы ачылган. Ал жайлоо бакчасынан жалпы 16 бала тарбияланып келди. Жайлоо бала бакчасы биздин бала бакчанын көмөгү менен тарбиячылар барып, ачышты жана аны бей өкмөт уюмдар каржылады», - деди Ж.Итиева.

Ал кошумчалагандай, бала бакчанын атайын чарбасы бар, аларга жайында ар кандай жемиштер өстүрүлөт. Ошондой эле, короодо атайын балдар ойноочу сейил багын уюштурулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×